Бугу 14, 2024
Убакыт: 10:04
USD
88.40
89.30
EUR
95.00
96.00
RUB
0.955
0.980

Тилек Токтогазиевди өкмөт башчылыкка көрсөтүштү, аны өкмөт үйүнө киргизбей жатышат

07.10.2020 14:29
1651
Тилек Токтогазиевди өкмөт башчылыкка көрсөтүштү, аны өкмөт үйүнө киргизбей жатышат

Бүгүн, 7-октябрда "Ала-Тоо" аянтында кайрадан митинг өтүп жатат. Алар жаштарды бийликке аралаштырууну, президентке импичмент жарыялоону талап кылып жатышат.

Чыгып сүйлөгөндөр шайлоонун жыйынтыгын жокко чыгарууда жаштардын ролу зор экендигин айтып, азыркы кызматка келгендерди анын ичинде Садыр Жапаровдун премьер-министрлик кызматка кедишин тааныбайбыз дешти.

Чыккандардын арасында  Жанар Акаев, Эльвира Сурабалдиева, Тилек Токтогазиев, Максат Мамытканов, дагы бир топ адамдар жүрөт. Чогулгандар Тилек Токтогазиевди убактылуу өкмөттүн башчысы катары көрсөтүштү. 

Митингдин катышуучулары Тилек Токтогазиевди өкмөт үйүнө киргизүүгө аракет кылып жатышат. Бирок, имарат ичинен бекилгендиктен, алар өкмөт үйүнө кире алышпай, сыртта турушат. 

Теги

Пикирлер (0)

Коопсуздук коду

Пикир жок. Сиз биринчилерден болушуңуз мүмкүн