Бишкек шаарынын мэриясынын Жер пайдалануу жана курулуш башкармалыгы борбор калааны мыйзамсыз орнотулган объектилерден тазалоону талыкпай улантууда. Бул тууралуу мэриянын басма сөз кызматы кабарлады.
Бул жолу Манас проспектисинин 95-үйүнүн жанындагы темир тосмо демонтаждалды.
Москва жана Тыныстанов көчөлөрүнүн кесилишинде унаа токтотууга чектөөлөр киргизилди. Башкармалыктын адиси тарабынан түшүндүрүү иштери жүргүзүлүп, ээлери өз ыктыяры менен объекттерди алып салышты.
Ошондой эле, Раззаков жана Москва көчөлөрүнүн кесилишинде уруксатсыз орнотулган унаа токтотуучу жайларды чектөө түрүндөгү мыйзам бузуулар жоюлган.
Пикирлер (0)
Пикир жок. Сиз биринчилерден болушуңуз мүмкүн