Жетинин айы 23, 2024
Убакыт: 13:49
USD
86.55
86.85
EUR
89.80
90.80
RUB
0.835
0.875

Бишкектеги мончолор текшерилди

16.08.2022 12:46
394
Бишкектеги мончолор текшерилди


Бишкек шаарынын мэриясынын көрктөндүрүү жана жер пайдаланууну көзөмөлдөө боюнча муниципалдык инспекциясы борбор калаада тартипти орнотууну улантууда. Бул тууралуу мэриянын маалымат кызматы билдирет.


Белгилүү болгондой,  шаардагы экологияны жакшыртуу максатында инспекция Свердлов жана Биринчи май райондорундагы мончолорго рейддерди жүргүзө баштады.


Мончонун ээлерине тыюу салынган буюмдарды (резина, пластмасса, тигүү калдыктары ж.б.) өрттөөгө жол бербөө жөнүндө 10 билдирүү берилди, ошондой эле газга өтүү сунушталды.


Тыюу салынган заттарды өрттөгөн учурларда инспекция тарабынан менчигинин түрүнө карабастан "Укук бузуулар жөнүндө" кодекстин 3-беренесинин 115-бөлүгү боюнча 7 миң 500сомдон 23 миң сомго чейин айып салынат.


Урматтуу шаардыктар! Инспекциянын ишине байланышкан маселелер боюнча төмөнкү номурларга кайрылсаңыздар болот:


- Свердлов району боюнча: 0705003137;

- Октябрь району боюнча: 0551551745;

- Биринчи май району боюнча: 0555404818;

- Ленин району боюнча: 0550070505

Пикирлер (0)

Коопсуздук коду

Пикир жок. Сиз биринчилерден болушуңуз мүмкүн