Жалган курандын 12, 2025
Убакыт: 13:34
USD
87.30
87.80
EUR
94.80
95.80
RUB
1.000
1.040

Бишкектеги муктаж үй-бүлөлөргө азык-түлүк таратылды

11.03.2025 17:43
47
Бишкектеги муктаж үй-бүлөлөргө азык-түлүк таратылды


Бүгүн Орозо айына карата Сауд Аравия Падышалыгы тарабынан Бишкектеги аз камсыз болгон үй-бүлөлөргө азык-түлүк таратылды.


Гуманитардык жардамды Падыша Салман атындагы гуманитардык жардам көрсөтүү жана колдоо борбору тапшырды.


Кайрымдуулук иш-чарасына Сауд Араб Падышалыгынын Кыргызстандагы элчиси Ибрахим бин Аль-Ради, Падыша Салман атындагы гуманитардык жардам көрсөтүү жана колдоо борборунун өкүлдөрү, Жогорку Кеңештин депутаттары, эмгек социалдык камсыздоо жана миграция министринин биринчи орун басары Мухтарбек Баймурзаев жана жергиликтүү өз алдынча башкаруу органдын өкүлдөрү катышты.


Иш-чара оболу расмий бөлүк менен башталып, андан соң муктаж жарандарга атайын даярдалган себеттер тапшырылды.


Төмөндө муктаж болгон ар бир үй-бүлөгө берилген азык-түлүктүн тизмеги:

  • Ун - 25 кг;
  • Гречка - 10 кг;
  • Макарон 10 кг;
  • Күрүч - 5 кг;
  • Шекер - 3 кг;
  • Өсүмдүк майы - 3 литр;
  • Туз - 1 кг;
  • Томат - 1 л.


ГуманиТардык жардам бир эле Бишкек шаары менен чектелбейт. Иш-чара мындан ары Кыргызстандын жети облусунда өткөрүлөт. 

Жалпы өлкө боюнча 7200 муктаж үй-бүлөгө азык-түлүк берилет. Мындай иш-чаралардын өтүшү эки өлкөнүн ортосундагы кызматташтыкты бекемдеп, алакасын чыңдоого өбөлгө түзөөрү айтылды.

Пикирлер (0)

Коопсуздук коду

Пикир жок. Сиз биринчилерден болушуңуз мүмкүн