Курмангалиев Жумакадыр Билалович Республикалык адистештирилген М. Абдраев атындагы Музыкалык мектеп-интернатынын директору болуп дайындалды. Бул тууралуу Маданият, маалымат жана жаштар саясаты министрлигинен билдиришти.
Жумакадыр Курмангалиев 1962-жылы 9-сентябрда Нарын облусунун Ат-Башы айылында туулган. Ал Пржевальск мамлекеттик музыкалык колледжин (1979–1983), Б.Бейшеналиева атындагы Кыргыз мамлекеттик искусство институтун (1983–1992) бүтүрүп, кесиби боюнча хор дирижёру жана маданий агартуу иштери боюнча адис.
Өзүнүн эмгек жолун Ат-Башы райондук балдар музыкалык мектебинен баштап, көптөгөн жылдар бою маданият тармагында мугалим, жетекчи жана уюштуруучу адис болуп иштеген. Ар кандай жооптуу кызматтарда, анын ичинде Улуттук маданий борбордун директору, Шаршен Термечиков атындагы Чүй облустук музыкалык драма жана сатира театрынын директору катары үзүрлүү эмгектенген.
Ал композиторлор Р. Абдыкадыров менен Ж. Шералиевдин чыгармачылыгына арналган ири концерттик долбоорлорду, Ч. Айтматовдун 90 жылдыгына арналган мамлекеттик иш-чараларды, III Дүйнөлүк көчмөндөр оюндарын, ШКУга мүчө мамлекеттердин башчыларынын саммитине байланышкан маданий программаларды жана башка көптөгөн республикалык жана эл аралык деңгээлдеги иш-чараларды ийгиликтүү уюштуруп өткөргөн.
Министрик Жумакадыр Билаловичтин тажрыйбасы жана чыгармачылык потенциалы М. Абдраев атындагы Музыкалык мектеп-интернатынын ишмердүүлүгүн өнүктүрүүгө, жаш таланттарды мыкты тарбиялоого багытталып, ийгиликтүү иш алып барарына ишенет.
Пикирлер (0)
Пикир жок. Сиз биринчилерден болушуңуз мүмкүн