Бугу 14, 2024
Убакыт: 15:09
USD
88.40
89.30
EUR
95.00
96.00
RUB
0.955
0.980

Бишкектеги парктарга бир айда ажаткана куруу тапшырмасы берилди

04.05.2023 12:11
203
Бишкектеги парктарга бир айда ажаткана куруу тапшырмасы берилди

Борбор калаанын мэри Эмилбек Абдыкадыровдун төрагалыгы алдында муниципалитетте пландуу жыйын өттү.

Мэриянын басма сөз кызматы билдиргендей, жолугушуунун жүрүшүндө Улуу Ата Мекендик согуштагы Жеңиштин 78 жылдыгын майрамдоого даярдыктар жана «Бишкекасфальтсервис» МИси ишмердүүлүгү талкууланды.

«Бишкекасфальтсервис» МИсинин жетекчиси Турусбек Түмөнбаевдин айтымында, 2022-жылы 4 миң 915 погондук метр тротуар оңдолуп, 904 жол белгиси жана 4 аялдама комплекси орнотулган. Аба ырайынын жылышы менен 5 көчөдө тротуарларды капиталдык оңдоо иштери жанданды.

Кеңешменин жыйынтыгында мэр «Бишкек жылуулук тармагы» ААКсына жер жумуштарын ыкчам жүргүзүүнү, ал эми район жетекчилерине бул маселени көзөмөлгө алууну тапшырды. Ошондой эле, акимдерге жылуулукту газга өткөрүү боюнча шаардыктар арасында активдүү түшүндүрүү иштерин жүргүзүү тапшырылды. «Бишкек жашыл чарба» МИсине борбор калаанын жашыл аймактарын көрктөндүрүү, сугаруу жана багуу боюнча иштерди өз убагында жүргүзүү милдеттендирилди. «Бишкек башкы архитектура» мамлекеттик мекемесине Аламүдүн, Ала-Арча жана БЧК сууларынын жээктерин жакшыртуу боюнча долбоорду даярдоо тапшырылды.

Мэрдин орун басары Мурат Осмоновго бир айдын ичинде сейил бактарга ажатканаларды курууну бүтүрүү тапшырмасы берилди.

Райондун акимдерине курулуш компаниялары менен биргеликте таштандыларды өзүнчө чогултуу үчүн аянтчаларды уюштуруу, бардык шаардык кызматтарга 2023-жылга карата иштердин титулдук тизмелерин бекитүүнү тездетүү тапшырылды.

Пикирлер (0)

Коопсуздук коду

Пикир жок. Сиз биринчилерден болушуңуз мүмкүн