Чын курандын 07, 2025
Убакыт: 14:07
USD
86.60
87.10
EUR
95.10
96.10
RUB
0.985
1.045

Бишкектеги "Чердак" кафесинде мушташкандар кармалды

03.09.2021 09:46
630
Бишкектеги "Чердак" кафесинде мушташкандар кармалды

Бишкек шаарындагы «Чердак» кафесинде мушташ чыгарган жарандар кармалды. Бул тууралуу бүгүн, 3-сентябрда Биринчи май РИИБдин басма сөз кызматы билдирди.


Милицияга мушташ тууралуу маалымат кечээ, 2-сентябрда саат 3:20да келип түшкөн. Айтылган дарекке ыкчам тергөө барып, мушташкан адамдарды милиция бөлүмүнө алып барышкан.


Ошондой эле аталган факт КЖБРга Жазык кодексинин 266-беренеси (Ээнбаштык) менен катталды.


Андан тышкары кафенин администратору милицияга арыз менен кайрылды. Анын айтымында, мушташ чыгарган адамдар көңүл ачуучу жайдын мүлкүн талкалап, официанттарды сабап салышкан. Кафенин официанттары дагы милицияга арыз жазышты.


Кечээ, 2-сентябрда 2001-жылы туулган Д.И., 2002-жылы туулган К.А. жана 2001-жылы туулган Т.А. убактылуу кармоочу жайга камакка алынды.


Тергөө уланууда.

Пикирлер (0)

Коопсуздук коду

Пикир жок. Сиз биринчилерден болушуңуз мүмкүн