Комунисттик партиянын Кыргызстандагы биринчи катчысы Турдакун Усубалиевдин атын борбордогу райондордун бирине ыйгаруу сунушталды. Мындай сунушту ЖК депутаты Бейшеналы Нурдинов демилгеледи.
Эл өкүлү Биринчи Май районунун атын өзгөртүүнү сунуштады.
"Өткөн жылы эси аянтка Усубалиевдин аты ыйгарылды. Сооронбай Жээнбеков борбордогу райондордун бирине Усубалиевдин атын ыйгарууну каалаган эле бирок жетишпей калды",- деди эл өкүлү.
Пикирлер (0)
Пикир жок. Сиз биринчилерден болушуңуз мүмкүн