Бугу 03, 2024
Убакыт: 01:13
USD
88.80
89.70
EUR
94.70
95.70
RUB
0.940
0.975

Бишкектеги рейдде дүкөндөн шек жараткан 110 литр алкоголь, 10 миңден ашык тамеки алынды

18.09.2020 15:58
583
Бишкектеги рейдде дүкөндөн шек жараткан 110 литр алкоголь, 10 миңден ашык тамеки алынды


Ленин районунун акими Чынасыл Чыныбаевдин жардамы менен салык кызматынын инспекторлору жана укук корго органдарынын кызматкерлери «Ош базары» СБК дүңүнөн саткан түйүндөргө контрафакттуу жана шектүү алкоголдук жана тамеки продукцияларын аныктоо үчүн рейд өткөрүштү. Бул тууралуу мэриянын басма сөз кызматы билдирди. 

Маалыматка караганда, текшерүүдө коопсуздугу шек жараткан бир нече товар табылып, 10 миң 635 сомго 110 бөтөлкө алкоголдук ичимдик, 23 миң 300 сомго 520 таңгак тамеки алынды.


Материалдар экономикалык кылмыштуулук менен күрөшүү боюнча мамлекеттик органга мындан ары чараларды көрүү үчүн берилди.


Теги

Пикирлер (0)

Коопсуздук коду

Пикир жок. Сиз биринчилерден болушуңуз мүмкүн