Бишкекте эпидемиологиялык кырдаалдын начарлашына байланыштуу соода борборлорундагы балдар ойноочу аянтчалар убактылуу жабылмай болду. Бул тууралуу брифингде Бишкектин вице-мэри Айжан Чыныбаева билдирди.
«Мындай чара шаардагы эпидкырдаалдын начарлашына байланыштуу», - деп түшүндүрдү ал.
Вице-мэр кошумчалагандай, соода борборлорундагы балдар ойноочу аянтчалар эки жумага жабылат.
Пикирлер (0)
Пикир жок. Сиз биринчилерден болушуңуз мүмкүн