Аяк оона 20, 2024
Убакыт: 11:55
USD
84.20
84.70
EUR
93.50
94.50
RUB
0.890
0.940

Бишкектеги стационарларда каза болгондор катталган жок, - мэрия

24.07.2020 18:15
1633
Бишкектеги стационарларда каза болгондор катталган жок, - мэрия


Бишкек шаарындагы стационарларда кезек күткөндөр азайып, акыркы күндөрү каза болгондор катталган жок, деп билдирди Бишкек шаардык мэриясынын басма сөз кызматы.


Алардын маалыматы боюнча, өткөн суткада күндүзгү стационарлар 2 миң 638 адамды кабыл алды, анын ичинен 1871 адам инфузиялык терапия, 756 адам медициналык кеңеш алып, 11 адам ооруканага жаткырылды. Мурдагы күнү 2905 адам кайрылган.


23-июлдан 24-июлга караган түнү түнкү стационарларга 517 адам кайрылды.

Жалпысынан 24-июлга карата күндүзгү стационарлар 65 миң 768 адамды кабыл алып, 341 адам ооруканага жаткырылды. 15-июлдан 24-июлга чейин түнкү стационарларга 5 миң 416 адам кайрылган жана 18 адам ооруканага жаткырылды.

Бактыга жараша, акыркы күндөрү стационарларда каза болгондор катталган жок. Дарыгерлер Саламаттыкты сактоо министрлигинин covid-19 илдетин дарылоо алгоритмине ылайык иштеп жатышат, - деп кошумчалады мэрия.

Пикирлер (0)

Коопсуздук коду

Пикир жок. Сиз биринчилерден болушуңуз мүмкүн