Чын курандын 14, 2025
Убакыт: 11:43
USD
87.40
87.80
EUR
99.00
100.00
RUB
1.030
1.065

Бишкектеги суулардын жээктери мэрияга 49 жылга ижарага берилди

24.02.2025 09:01
628
Бишкектеги суулардын жээктери мэрияга 49 жылга ижарага берилди


Бишкектеги суулардын жээктери мэрияга берилди. Тиешелүү токтомго министрлер кабинетинин төрагасы Адылбек Касымалиев кол койгон.


Ага ылайык, төмөнкү жээктер муниципалитетке 49 жылга берилет:

- Ала-Арча суусу — Семетей көчөсүнөн Жапаров көчөсүнө чейин;

- Аламүдүн суусу — Көк-Жар көчөсүнөн айланма жолго чейин;

- Чыгыш Чоң Чүй каналы — Ауэзов көчөсүнөн Ала-Арча суусуна чейин;

- Түштүк Чоң Чүй каналы — Ауэзов көчөсүнөн Ала-Арча суусуна чейин;

- Чоң Чүй каналы — Курманжан датка көчөсүнөн Фучик көчөсүнө чейин;

- Кичи Чүй каналы — Алма-Ата көчөсүнөн Архитекторлор көчөсүнө чейин.


Мэрия бул жерлерди ижарага бере алат, мындан тышкары, көрктөндүрүүгө милдеттендирилет. Буга чейин мэрия Ала-Арча суусунун жээгин бойлой сейил бак салуу планын жарыялаган.

Теги

Пикирлер (0)

Коопсуздук коду

Пикир жок. Сиз биринчилерден болушуңуз мүмкүн