12-август күнү муфтий Максатбек ажы Токтомушевдин демилгеси Бишкек шаарынын четинде таштанды полигонунда иштеген жарандарга кайрымдуулук иш-чарасы уюштурулду. Бул тууралуу Кыргызстан Мусулмандарынын дин башкармалыгынын (КМДБ) басма сөз кызматынан билдиришти.
Иш-чарада КМДБнын эсепчиси Султан ажы Момунов полигондо таштанды терип, күнүмдүк оокатын өткөрүп келген 60 үй-бүлөгө 10 килограммдан ун тараткан.
“Мындай кайрымдулук иш-чарасы дагы уланып, кийинкисинде 100 үй-бүлөгө берилмекчи”, - деп айтылат маалыматта.
Пикирлер (0)
Пикир жок. Сиз биринчилерден болушуңуз мүмкүн