Бишкек шаарынын Октябрь райондук соту "Промзона" түнкү клубунда тапанчадан ок чыгарган жарандарды кармады. Бул тууралуу райондук милиция кабарлады.
Маалыматка ылайык, окуя 4-декабрга караган түнү болгон.
Анда 1985-жылы төрөлгөн З.М. жана 1988-жылы төрөлгөн М.В. келишпестиктен улам тапанчадан ок чыгарган.
Алар Бишкек шаарынын убактылуу кармоочу жайына киргизилген.
Пикирлер (0)
Пикир жок. Сиз биринчилерден болушуңуз мүмкүн