Жетинин айы 23, 2024
Убакыт: 01:29
USD
86.55
87.05
EUR
89.80
90.80
RUB
0.830
0.875

Бишкектеги үй-бүлөлүк дарыгерлер борборунда 53 жаштагы жаран каза болду

09.02.2023 08:46
302
Бишкектеги үй-бүлөлүк дарыгерлер борборунда 53 жаштагы жаран каза болду

Бишкектеги үй-бүлөлүк дарыгерлер борборунда бейтап каза болду, - деп билдирет Саламаттык сактоо министрлигинин басма сөз кызматы.


Маалыматка ылайык, 8-февралда Дары-дармек жана медициналык буюмдар департаментинин дарегине апротинин препаратын капельница жолу менен тамчылатуунун фонунда өлүмгө алып келген олуттуу терс реакция тууралуу билдирүү түшкөн.


53 жаштагы С.А. аттуу бейтап 6-февралда №3 үй-бүлөлүк дарыгерлер борборуна ичи ооруп, диарея болуп жаткандыгын айтып кайрылган. Дарыгер ага өнөкөт панкреатит курч стадиясында, өнөкөт гастрит деген диагноз коюп, андан кийин парентералдык дары ыкмасы дайындалган.


Бейтап дарыдан кийин дароо өзүн жаман сезип, препаратты берүү ыкчам түрдө токтотулуп, алгачкы медициналык жардам көрсөтүлгөн. Тез жардам бригадасы чакыртылган, бирок натыйжа болгон эмес, саат 11:15те биологиялык өлүм катталган.


Учурда териштирүү иштери жүрүүдө, анын жыйынтыгында бейтаптын өлүмүнүн себеби аныкталат.


Дары-дармек жана медициналык буюмдар департаментинин адистери билдиргендей, аталган препарат Кыргызстанда катталган, сериясы - сапаттык баа берүүдөн өткөн.

Пикирлер (0)

Коопсуздук коду

Пикир жок. Сиз биринчилерден болушуңуз мүмкүн