Бугу 20, 2024
Убакыт: 12:26
USD
88.20
89.10
EUR
95.60
96.60
RUB
0.960
0.980

Бишкектеги жаракаларды бүтөө иштери уланууда

26.04.2023 14:12
245
Бишкектеги жаракаларды бүтөө иштери уланууда


“Бишкекасфальтсервис” муниципалдык ишканасы жолдордогу чуңкурларды гана эмес, жаракаларды да бүтөп жатат.


Жолдогу кемчиликтерди болтурбоо үчүн  жолдун жээгиндеги жаракаларды битум мастикасы менен толтурулууда.


Учурда, Фрунзе көчөсү менен Манас проспектисинен Орозбеков көчөсүнө чейин жаракаларды толтуруу иштери жүрүүдө. План боюнча иш Абдрахманов көчөсүнө чейин созулат. Ошондой эле, Махатма Ганди көчөсү Жапаров көчөсүнөн Жибек-Жолу проспектисине чейинки жаракаларды толтуруу иштери жыйынтыкталды. Муну менен Биринчи май районунун аймагындагы жаракаларды толтуруу иштери аяктады.


Иш аяктагандан кийин жаракаларды толтуруу тобу Свердлов районунун аймагында иштерди жүргүзөт.



Пикирлер (0)

Коопсуздук коду

Пикир жок. Сиз биринчилерден болушуңуз мүмкүн