Бүгүн, 1-июлда таң эрте менен Бишкек шаарындагы Манас проспектисинде жол кырсыгы катталды, деп кабарлайт шаардык мэриянын басма сөз кызматы.
Маалыматка ылайык, жеңил автоунаанын айдоочусу троллейбустун тирөөчүн сүзүп кеткен. Учурда линия калыбына келтирилди, бирок тирөөч алына элек. Буга байланыштуу троллейбустардын каттамы убактылуу токтотулду.
Эске салсак, жол кырсыгы катталган бул аймактан №5, №11 жана №14 троллейбустук маршруттар жүрчү.
Пикирлер (0)
Пикир жок. Сиз биринчилерден болушуңуз мүмкүн