Бишкек шаарында бир нече көчөдө жолду капиталдык оңдоо иштерине байланыштуу айрым автобустардын жүрүү схемасы өзгөрдү. Бул тууралуу муниципалитеттен билдиришти.

Ага ылайык, бүгүн 22-июлдан тарта Чүй проспектисинин Тоголок Молдо көчөсүнөн Панфилов көчөсүнө чейинки бөлүгү жабылган.

Буга байланыштуу автобус каттамдарынын кыймылы өзгөрдү. Алар төмөнкүлөр: №7, 34, 38, 166.

Муниципалитет жолго чыгууну пландаштырууда бул өзгөртүүлөрдү эске алууну суранат.