Жетинин айы 23, 2024
Убакыт: 02:59
USD
86.55
87.05
EUR
89.80
90.80
RUB
0.830
0.875

Бишкектеги жолдорду жамоо иштери башталды

15.03.2023 10:52
259
Бишкектеги жолдорду жамоо иштери башталды



“Бишкекасфальтсервис” муниципалдык ишканасы жол белгилерин орнотуу, жол сызыктарын чийүү, жолдорду жамоо жана борбор калааны көрктөндүрүү боюнча активдүү иш алып барууда. Бул тууралуу Бишкек шаарынын мэриясынын басма сөз кызматы билдирди.


Учурда, Лев Толстой көчөсүнүн Ауэзов көчөсүнөн Т.Фрунзе көчөсүнө чейинки бөлүгүндө «Бишкекасфальтсервис” муниципалдык ишканасым тарабынан чуңкурларды жамоо иштери жүрүүдө.


Белгилей кетсек, буга чейин Абдрахманов көчөсүн Токомбаев көчөсүнөн Совет көчөсүнө чейинки тилкеге (жолдун чыгыш тарабына) жана Горький көчөсүнөн Токомбаев көчөсүнө чейинки бөлүгүндө чуңкурлар жабылды. Жол кыймылынын коопсуздугу жана шаардын эстетикалык көрүнүшү үчүн Ч.Айтматов проспектиси Мамлекеттик резиденциядан Масалиев көчөсүнө чейинки жол бордюрларын сырдоо иштери жүрүп жатат.

 


Пикирлер (0)

Коопсуздук коду

Пикир жок. Сиз биринчилерден болушуңуз мүмкүн