Бугу 03, 2024
Убакыт: 12:51
USD
88.70
89.60
EUR
94.80
95.80
RUB
0.945
0.975

Бишкектен Ысык-Көлгө эс алууга 54 медик жөнөтүлдү

04.08.2020 17:37
1066
Бишкектен Ысык-Көлгө эс алууга 54 медик жөнөтүлдү


Бүгүн, 4-августта Бишкек шаарынан Ысык-Көл облусундагы «Дилорам» пансионатына 54 медицина кызматкери жөнөтүлдү. Бул тууралуу Саламаттыкты сактоо министрлигинин басма сөз кызматы билдирди.


Маалыматка караганда, эс алуу коронавирус жана пневмония менен ооруп айыккан медицина кызматкерлеринин ден соолугун калыбына келтирүү максатында уюштурулду.  


"Бул топко Кыргыз курортология жана калыбына келтирип дарылоо илим-изилдөө институтунун, №4, 13 үй-бүлөлүк дарыгерлер борборунун, Улуттук госпиталдын, №2 төрөт үйдүн, Улуттук онкология жана гематология борборунун, балдар ооруканасынын кызматкерлери кирген", - деп айтылат маалыматта.

Пикирлер (0)

Коопсуздук коду

Пикир жок. Сиз биринчилерден болушуңуз мүмкүн