Жетинин айы 22, 2024
Убакыт: 15:56
USD
86.55
87.05
EUR
89.80
90.80
RUB
0.830
0.875

Бишкектен “Манас” аэропортуна экспресс кичи автобустар каттай баштады

30.06.2022 11:19
429
Бишкектен “Манас” аэропортуна экспресс кичи автобустар каттай баштады


"Манас" аэропортунан Бишкекке чейин экспресс кичиавтобустар каттай баштады. Бул тууралуу Кыргызстандын туризмди өнүктүрүүнү колдоо фондунан билдирди.

"Манас" аэропортунан конок тосуп алуу же конокту узатуу мындан ары көйгөй эмес. Эми Бишкектен аэропортко чейин такси же жеке унаада гана эмес, экспресс жүргүнчү ташуучу унаалар менен жетүүгө болот”, - деп айтылат маалыматта.

Белгиленгендей, учурда 12 маршруттук такси каттамга чыкты. "Манас" аэропортунан Бишкекке чейин жана Бишкектен аэропортко чейин жарым сааттык аралык менен күнү-түнү каттай баштады. Кичавтобустар шаардын борбордук көчөлөрү менен жүрүп, акыркы чеги түштүк кичирайондору болмокчу.

Аларды капталындагы Go bus деген жазуу аркылуу таанууга болот. Ал эми өзгөчөлүгү жүргүнчүлөр үчүн ыңгайлуулугу болмокчу. 18 орундуу автобустардын жүрүү акысы 150 сом болот.

Ошондой эле Go bus бренди менен Бишкектен Караколго чейин чоң автобустарды ишке берүү пландалууда. Алар бир күндө бир нече каттам аткарышат.

Эскерте кетсек, Go bus - Кыргызстандын туризмди өнүктүрүүнү колдоо фондунун долбоору.

Пикирлер (0)

Коопсуздук коду

Пикир жок. Сиз биринчилерден болушуңуз мүмкүн