Аяк оона 08, 2024
Убакыт: 07:07
USD
84.10
84.60
EUR
92.80
93.80
RUB
0.920
0.960

Бишкектен Нью-Йорк же Чикагого түз аба каттамын ачуу маселеси каралууда

18.07.2024 16:44
183
Бишкектен Нью-Йорк же Чикагого түз аба каттамын ачуу маселеси каралууда


"Манас" эл аралык аэропорту Америка Кошмо Штаттарына түз аба каттамын ачуу маселесин кароодо. Бул тууралуу аэропорттун басма сз кызматынан билдиришти.

Аэропорттон билдиришкеждей, КР министрлер кабинетине караштуу Жарандык авиация мамлекеттик агенттигинин директору Данияр Бостонов, "МЭА" ААК башкармалыгынын төрагасы Манасбек Самидинов жана башкармалыктын коммерциялыка директор Аман Мамаев АКШнын Кыргызстандагы элчиси Лесли Вигери менен жолугушту.

Жолугушууда өз ара пайдалуу кызматташуу, тактап айтканда Бишкектен Нью-Йоркко же Чикагого түз каттамдарды ачуу, ошондой эле жүк ташууларды уюштуруу жана эл аралык жеткирүү тейлөө кызматтарын ачуу маселелерин талкуулашты.

АКШнын элчиси Лесли Вигери КР жарандык авиациясынын ИКАОнун эл аралык аудитинен өтүүсү тууралуу оң пикирин билдирди.

"Жарандык авиациянын эл аралык уюмунун (ИКАО) аудитинен өтүү ар бир өлкө, анын ичинде Кыргызстан үчүн өтө маанилүү болуп саналат. ИКАО аудити улуттук авиациялык стандарттардын жана тажрыйбалардын эл аралык талаптарга ылайыктуулугун баалайт, бул учуулардын коопсуздугуна, эл аралык өнөктөштөрдүн ишенимине жана өлкөнүн авиация тармагындагы жалпы аброюна таасирин тийгизет", - деди элчи Вигери.

Өз кезегинде Манасбек Самидинов АКШ менен Кыргызстандын авиация тармагындагы кызматташтыгы стратегиялык маанилүү демилге болуп саналарын, ал Кыргызстандын авиациялык коопсуздугун, инфраструктурасын жана экономикалык өнүгүүсүн бир кыйла жакшыртып, өлкөлөр ортосундагы саясий жана дипломатиялык мамилелерди чыңдай турганын белгиледи.

Теги

Пикирлер (0)

Коопсуздук коду

Пикир жок. Сиз биринчилерден болушуңуз мүмкүн