Авиакомпаниялардын баа саясаты алар тарабынан чыгымдарды эсептөөдөн түзүлөт. Россиядан Кыргызстанга учууга талап бир нече эсе аз, ошондуктан Москва - Бишкек авиабилеттеринин баасы арзан. Бул тууралуу Жарандык авиация агенттигинин аэропортторду сертификациялоо жана жол кыймылын жөнгө салуу бөлүмүнүн башчысы Карим Усманов Бишкекте өткөн онлайн конференцияда билдирди.
Белгилей кетсек, бүгүн Кыргызстандан Россияга алты каттам бар. Бишкек - Москва каттамдарын эки компания - Аэрофлот жана Авиа Траффик тейлейт. Ошол эле учурда, Россияга билеттердин баасы 35 миң сомдон 100-150 миңге чейин.
"Баа саясатын авиакомпаниялар өздөрү аныкташат. Билеттин баасына флотту техникалык тейлөө, кызматкерлердин эмгек акысы, аэронавигациялык кызматтар, күйүүчү май кирет. Кеп Кыргызстан - Россия багытында гана жогорулаган суроо-талапта болуп жатат. Кайра каттамдар адатта 30 пайызга гана толгон. Ушундай жол менен компаниялар жарым бош рейстерден келип чыккан чыгымдарды жабууга аракет кылып жатышат", - деди Усманов.
Пикирлер (0)
Пикир жок. Сиз биринчилерден болушуңуз мүмкүн