Чын курандын 27, 2024
Убакыт: 13:05
USD
88.90
89.70
EUR
95.00
96.00
RUB
0.955
0.972

Бишкектен Токтогулга 20 жаштагы кызды ала качкандар кармалды

23.09.2021 10:06
1567
Бишкектен Токтогулга 20 жаштагы кызды ала качкандар кармалды

Кыз ала качууга шектүү жигит кармалды, деп билдирди Чүй ОИИБдин басма сөз кызматы.


Окуя 23-сентябрда түнкү саат 03:00 чамасында Ак-Ордо-3 конушунда болгон. Белгисиз жигиттер 2001-жылы төрөлгөн кызды «Ауди» автоунаасы менен алып кетишкен.


Укук коргоо органдарынын кызматкерлери «Перехват» планын жарыялап, эртең мененки саат 06:30 чамасында Чүй ОИИБдин жол кыймылынын коопсуздугуну камсыздаган кызматкерлери изделип жаткан унааны «Сосновка» постунан байкашкан. «Ауди» унаасын текшергенде анын ичиндеги жаш кызды жаш жигит Токтогул районуна алып бара жатканы белгилүү болгон.


Кыз ала качууга шектелген 1998-жылы төрөлгөн жигит милиция бөлүмүнө жеткирилди. Окуянын чоо-жайы такталат.

Теги

Пикирлер (0)

Коопсуздук коду

Пикир жок. Сиз биринчилерден болушуңуз мүмкүн