Бирдин айы 17, 2025
Убакыт: 01:54
USD
87.30
87.80
EUR
91.30
92.30
RUB
0.940
0.990

Бишкектен унаа уурдаган топ изи сууй электе кармалды

06.12.2024 09:04
236
Бишкектен унаа уурдаган топ изи сууй электе кармалды


Бишкектен унаа уурдаган топ изи сууй электе кармалды. Бул тууралуу Жол кыймылынын коопсуздугун камсыздоо башкы башкармалыгынын басма сөз кызматынан билдиришти.

Маалыматта белгиленгендей, бүгүн эртең менен борбор калаада “Фольксваген пассат” үлгүсүндөгү унааны белгисиз адамдар айдап качып кеткен.

Бул факты боюнча Бишкек шаары жана Чүй облусунун аймагында “Тосмо” иш мерчеми киргизилген.

Чүй облусунун жол кыймылынын коопсуздугун камсыздоо башкармалыгынын кызматкерлери тарабынан Бишкек-Чалдыбар унаа жолунан 16, 17, 18 жаштагы 4 жаран кылмышка шектүү катары кармалган.

Учурда шектүүлөр Бишкек ШИИББнин Тергөө кызматына жеткирилди.

Теги

Пикирлер (0)

Коопсуздук коду

Пикир жок. Сиз биринчилерден болушуңуз мүмкүн