Жетинин айы 23, 2024
Убакыт: 04:47
USD
86.55
87.05
EUR
89.80
90.80
RUB
0.830
0.875

Бишкектен унаа уурдаган жаран Оштон кармалды

13.08.2022 13:29
470
Бишкектен унаа уурдаган жаран Оштон кармалды

Ош облустук ички иштер башкармалыгынын кызматкерлери Бишкектен автоунаа уурдаган жаранды кармашты. Бул тууралуу Ош ОИИБдин басма сөз кызматы билдирди.

       

    2022-жылдын 12-август күнү Бишкек шаарынын Свердлов районунун ички иштер башкармалыгынын тергөө кызматынын атайын тапшырмасынын негизинде, көрүлгөн ыкчам иш чаралардын жүрүшүндө Ош ОИИБнын Экстремизмге мыйзамсыз миграцияга каршы аракеттенүү боюнча кызматынын (ЭММКАК) кызматкерлери тарабынан көрүлгөн ыкчам иш чаралардын натыйжасында мыйзамга жат түрдө автоунаага ээлик кылган жаран кармалды.   12.08.2022 жылы Бишкек шаарынын тургуну 62 жаштагы.А.А арыз менен катталган. Анда ал өзүнө  таандык   маркасы "Хонда Фит" үлгүсүндөгү автоунаасын белгисиз атуулдар уурдап кеткенди жөнүндө арыз жазган.

         

Жогоруда айтылган маалымат боюча жүргүзүлгөн ыкчам иш чаралардын жүрүшүндө Кара Суу  районунун Нариман айыл аймагында төрөлгөн 25 жаштагы Бишкек шаарынын тургуну Ш. уулу Э уурдалган  авто унаа менен кармалган. Кармалган кылмышка шектүү Свердлов РИИБнин тергөө бөлүмүнө өткөрүлүп берилди. 

Теги

Пикирлер (0)

Коопсуздук коду

Пикир жок. Сиз биринчилерден болушуңуз мүмкүн