Бугу 15, 2024
Убакыт: 09:02
USD
88.40
89.30
EUR
95.00
96.00
RUB
0.955
0.980

Бишкекти 11 айда 10 мэр башкарды

12.08.2021 17:34
526
Бишкекти 11 айда 10 мэр башкарды


2020-жылдагы парламенттик шайлоодон келип чыккан башаламандыктан кийин ошол кездеги Бишкектин мэри Азиз Суракматов 5-октябрда кызматтан кеткен. Анын кетиши менен “Шаардагы кырдаалды жөнгө салуу боюнча координациялык кеңеш” аттуу уюм Мамлекеттик каттоо кызматында мурун иштеп кеткен Жоошбек Коеналиевди мэрликке дайындаган. Коеналиев кызматка келгенде, коомчулукка өзүн “элдик мэр” деп тааныштырган.  

Баарынан кызыгы, жогорудагы Коеналиевди дайындаган уюм, бир күндөн соң, оюн өзгөртүп, Мирлан Бекитаев аттуу белгисиз жаранды кайрадан Бишкек шаарынын жетекчилигине алып келген. Бирок, буга дагы мэрлик кызмат көпкө буйруган эмес. Ал 15 сааттан кийин ордун бошотуп, анын ордуна ошол эле күнү шаардын мурдагы вице-мэри Алмаз Бакетаев келген.  


8-октябрда мурдагы мэр Суракматов кызматына кайрадан кайтып келип, бирок 20-октябрда ал ордун мурдагы мэр жана бир катар кылмыш иштер менен соттолгон Нариман Түлеевге дайындап кеткен. Бирок, бул чечим шаардыктардын нааразычылыгын туудуруп, мэрия алдында Түлеевге каршы бир нече митингдер өткөн. Мындан улам, ал 22 -октябрда кызматтан кетүүгө аргасыз болгон.  


Ошентип, 22 күн ичинде Бишкекте алты мэр алмашты. Булар расмий өкмөт тарабынан дайындалбастан, басып алуу жолу менен келишкен. Анткени, бул учурда өлкөдө саясий башаламандык орноп турган.  

Кайрадан 27 -октябрда, ошол учурдагы өкмөт жана президенттин милдетин аткарган Садыр Жапаров мэрдик тизгинди Балбак Түлөбаевге берген. Ал буга чейин Ысык-Көл облусун жетектеп турган. Кийин ал 105 күндөн кийин, тагыраагы 8-февралда, мэрлик креслосун Эрмек Нургазиевге өз каалоосу менен бошотуп бергенин билдирген. 9-февралда мэрликке дайындалган Нургазиев түштөн кийин жумуштан алынган. Андан кийин бул орунга Бактыбек Кудайбергенов 173 күн кызмат өтөдү. 2-августта Таалайбек Сарыбашов Оштон келип мэр болот. 10 күндөн кийин өз каалоосу менен кетип, Айбек Жунушалиев убактылуу мэрдин милдетин аткаруучу болуп дайындалды.  


Шаар кенеш 26-августта шайлоо өткөрүп, жаңы мэрди тандашы керек. Эгер Жунушалиев шайланбай калса кызматтан кетүүсүнө туура келет.


Булак: "Али Токтакунов медиахабы"

Пикирлер (0)

Коопсуздук коду

Пикир жок. Сиз биринчилерден болушуңуз мүмкүн