Бугу 12, 2024
Убакыт: 17:59
USD
88.50
89.40
EUR
95.00
96.00
RUB
0.950
0.970

Бишкекти ыштан арылтуу жакшы, бирок эмнеге кыш мезгилинде бул аракет жасалбады?

25.03.2021 11:10
697
Бишкекти ыштан арылтуу жакшы, бирок эмнеге кыш мезгилинде бул аракет жасалбады?

Биринчи-вице-премьер-министр Артем Новиков экологиялык коопсуздукту камсыздоо боюнча кеңешме өткөрүп, анда 1-апрелден тарта борбор калааны ыштан арылтуу иштери жасала баштай турганын билдирди. Анын айтымында үстүбүздөгү жылдын 1-сентябрына чейин Бишкек шаарындагы таштанды аянты толугу менен жабылып, көчүрүлүп, 35 гектер аянттагы жер рекультивацияланышы керек. Анан дагы Боз-Бөлтөк аймагында аянты 60 гектар келген паркты жана этно-комплексти уюштуруу иштери башталат. Мындан сырткары борбор калаанын жаңы конуштарын газдаштыруу, отказандарды газга өткөрүү иштери жасалышы керек деди. 


Албетте, акыркы жылдарда кыш мезгилинин келиши менен эле Бишкек шаарынын үстүндө кылкылдаган ыш калкып калып жатканы көйгөй болуп келет. Бул көйгөйдүн жаралышына Бишкек ТЭЦинен чыккан түтүн себеп болуп жатканын да айткандар көп. Анан дагы кыштын ызгаарында борбор калаанын жаңы конуштарынын тургундары үйлөрүн жылытуу үчүн от жагышат. Борбор калаадагы ири мончолордон чыккан түтүндөр да кошул-ташыл. Ага кошумча шаардын борборунда жол тыгындарын жаратып турган машиналардан чыккан ыш бар. Шаар ичинде көптөгөн жылдык бак-дарактар картайганына байланыштуу кыйылганы менен, ордуна жаңылары отургузулган жок. Тескерисинче жакшынакай эле бүрдөп турган дарактар кыйылып, көп кабаттуу имараттар курулуп жатканына күбөбүз. Натыйжада шаар ичи өтө эле тар болуп калды. Желип-жорткон жел өтө алгыс тыкыс шаарга айланды.


Айтор, борбор калаанын экологиялык абалын жакшыртуу үчүн комплекстүү чаралар көрүлүшү зарыл болуп турат. Бирок, эмне себептен кыргыз өкмөтү борбор калааны ыштан арылтуу чараларын кыш мезгилинде баштаган жок? Эмнеге 1-апрелден тарта баштайт? 1-апрелден тарта ансыз деле шаар өзү тазалана баштайт. Себеби, ТЭЦ шаардагы көп кабаттуу үйлөрдү жылытуу сезонун токтотот. Конуштардын жашоочулары от жакпай калат. Натыйжада абанын тазарганы кадимкидей байкалат. Анан бул табигый тазаланууну «Биз жасап салдык да» деп айтуунун зарылчыгы деле жок. Андан көрө кийинки кышта кайрадан ышка тумчугуп отурбай тургандай комплекстүү чаралар көрүлүшү зарыл. Ооба, ырас шаардын жака-белиндеги конуштарды газга туташтыруу, от казандарды газга алмаштыруу жакшы. Бирок, ошол газга туташкан айрым үйлөр деле кышында от жагып чыгышканын кантип жашырабыз? Себеби, газ менен бир үйдү жылытууга деле аз эмес акча чыгып келери, аны көпчүлүк жашоочулардын үй-бүлөлүк бюджети көтөрө албай турганы белгилүү болуп калды. Газга өткөрүү менен чогуу аны карапайым элдин чөнтөгү көтөрө алабы, же жокпу деген маселени да бирге чечүү зарыл. Эң башкысы жылытуу сезону токтоп турган маалдан пайдаланып, Бишкек ТЭЦинен чыккан түтүндүн зыяндуулугун кантип азайтуунун жолун издеш керек. Шаар ичиндеги башаламан курулуп жаткан курулуштарды токтотуп, бузууга туура келген атам заманкы имараттар бузула турган болсо, алардын ордун да бак-дарактар шуулдап турган паркка айлантуу маанилүү. Шаардын сыртына эле парктарды кура берүү менен шаардын борборундагы абаны тазалай албайбыз.


Эптеп эле сын айтып калалы деген жерибиз жок, болгону «1-апрелден тарта биз шаарды ыштан арылтуу иштерин жакшы эле жасап жатканбыз, шаар кадимкидей тазара баштаган, анан кыш келгенде эл өзү үйлөрүнө от жагып, ыш каптатып салышпадыбы» деген шылтоо айтылбашы керек. Сөздөн ишке өтүү кандай экенин кыргыз өкмөтү ушул алдыдагы кышта далилдеп бере алса жакшы.


Сагынбек Сатыкеев


Пикирлер (0)

Коопсуздук коду

Пикир жок. Сиз биринчилерден болушуңуз мүмкүн