Бугу 08, 2024
Убакыт: 10:58
USD
88.50
89.40
EUR
94.80
95.80
RUB
0.960
0.980

Бишкекти каптаган ыштан пайда тапкандар барбы?

22.12.2020 18:35
1126
Бишкекти каптаган ыштан пайда тапкандар барбы?


"Ыштан кантип кутулабыз?" - дешкенинен оюмду жазсам Балбагы деле Жамалбеги деле үн да сөз да кайрышкан жок. "Сен билгенди биз деле билебиз" - дешти окшойт. Кейпи өздөрүн иштеп аткан көрсөтүш үчүн эле жарнама ирээтинде элге кайрылып сурап коюшса керек. Ыштан кутулуунун кыска жолу Бишкек жана аны айланта курчаган жаңы конуштар толук электир жылыткычына өтүш керек. Антели десе биринчиден электр энергиясы жетишпейт. Экинчиден электр жабдууларын, линияларды, чубалгыларды,трансформатырларды жаңыртып көбөйтүп коюп чыгыш керек.Бул чоң чыгым. Эң башкысы электр энергиясын кайдан алса болот? Аны тапкан менен эгер бүгүнкү баа менен элге берилсе эч ким колдонбойт. Электир жарыгы 40-50 тыйынга түшүрсө анда баары колдонууга өтүшөт. Бир жылда Бишкекти, эки жылда бүт Чүй өрөөнүн 40-50 тыйындан ашпаган электр энергиясы менен камсыз кылууга боло турган проекти сунуш бар. Бирок аны ишке ашырууга саясий эрк керек. Андай арзан энергиянын өндүрүлүшүнө биринчи кезекте монстрга айланган биздин "Энерго холдинг" аталгандар катуу каршы чыгышып акыркы дараметтери калгыча күрөшөт. Ушуну Балбак менен Жамалбек инилериме айтып койгула.


Чолпонбек Абыкеев, коомдук ишмер

Пикирлер (1)

Коопсуздук коду
123456789
Балбак да, Жамалбек да аферист. Ушундай аферисттердин заманы болбодубу