Бишкек шаарынын борбордук аймактарында жоогазын гүлдөрү ачылып баштады. Гүлдөрдүн көчөттөрү өткөн жылы күзгө маал “Бишкек жашыл чарба” муниципалдык ишканасынын кызматкерлери тарабынан отургузулган. Эми минтип шаарды көрккө бөлөп турган маалы.
Учурда жоогазындын кызыл, ак, гүлгүн, сары, жашыл жана көгүлтүр түстөгү өңдөрү гүлдөп жатат, бардыгы биригип анын 10 түрүнөн 185 миң түп отургузулган.
Сүрөттөр Бишкек шаардык мэриясынын басма сөз кызматынан алынды.
Пикирлер (0)
Пикир жок. Сиз биринчилерден болушуңуз мүмкүн