Бугу 19, 2024
Убакыт: 21:38
USD
88.20
89.10
EUR
95.40
96.40
RUB
0.960
0.975

Бишкекти өнүктүрүүгө кошкон салымы үчүн Абдыкадыров мэриянын "Алтын төш белгиси" менен сыйланды

14.11.2023 13:04
191
Бишкекти өнүктүрүүгө кошкон салымы үчүн Абдыкадыров мэриянын "Алтын төш белгиси" менен сыйланды


Бишкек шаардык мэриясынын жамааты борбор калаанын мурдагы мэри Эмилбек Абдыкадыровду ардактап узатты.

Бишкек мэри Айбек Жунушалиев жана Бишкек шаардык кеңешинин төрагасы Куванычбек Конгантиев Эмилбек Абдыкадыровду борбор калааны өнүктүрүүдө - жалпы билим берүүчү жана социалдык мекемелерди курууда, автобустарды ишке киргизүү жолу менен транспорттук көйгөйлөрдү чечүүдө, турак-жай конуштарын газдаштырууда, санитардык полигонду өчүрүүдө олуттуу салым кошкондугу үчүн мэриянын "Алтын төш белгиси" менен сыйлашты.

Жыйынтыктоочу сөзүндө мурдагы мэр мэриянын жамаатына биргелешкен иши үчүн ыраазычылык билдирди.

Эскерте кетсек, буга чейин өлкө башчынын жарлыгына ылайык Эмилбек Абдыкадыров президенттин Ысык-Көл облусундагы ыйгарым укуктуу өкүлү болуп дайындалган.

Пикирлер (0)

Коопсуздук коду

Пикир жок. Сиз биринчилерден болушуңуз мүмкүн