Бугу 14, 2024
Убакыт: 04:46
USD
88.50
89.40
EUR
94.90
95.90
RUB
0.950
0.970

№22 “Эмгек” партиясы: Бишкектиктер талапкерлердин буга чейинки иштерине жогору баасын берүүдө

25.03.2021 11:57
3046
№22 “Эмгек” партиясы: Бишкектиктер талапкерлердин буга чейинки иштерине жогору баасын берүүдө

“Эмгек” партиясынан Бишкек шаардык кеңешине аттанып жаткан талапкерлер күн сайын шаар тургундары менен жолугушуусун улантууда. 24-мартта Эльмир Досалиев жана Руслан Шаршенбай уулу борбор калаанын Будённый жана Рязанская көчөлөрүнүн кесилишинде жайгашкан үйлөрдүн тургундары менен жолугушса, Бактыбек Абдиев “Көлмө” жаңы конушунун жашоочулары менен кезикти.


Жолугушуунун жүрүшүндө талапкер Эльмир Досалиев кезинде шаардык кеңештин депутаты катары кандай демилгелерди көтөргөнүн, алардын жыйынтыктары боюнча элге кыскача маалымат берди.


Анын сөзүнө караганда, “Эмгек” партиясынын курамы таза, чынчыл, жаш, билимдүү, дымактуу жана эмгекчил лидерлерден түзүлдү. 


“Борбор калаабыздагы 11 жана 12-кичи районунда, "Асанбайда" менин демилгем менен 167 видео байкоочу камера орнотулду. Бул кылмыштуулуктун деңгээлин төмөндөтүп, анын бетин ачуу деңгээлин көбөйттү. Буга эл ыраазы болуп, рахматын айтып жатышат. Эң негизгиси “Эмгек” партиясы үчүн бишкектиктердин коопсуздугу биринчи орунда турат. Ошондуктан биз өзүбүздүн “Демилгелүү шаар” деген программабызда шаардыктардын коопсуздугун камсыз кылуу максатында эл көп топтолгон жерлерге, конуштарга камераларды орнотолу деп жатабыз”, - деди Досалиев. 


Ошондой эле ал шайлоочуларга кайрылып, “Эмгек” партиясынын жергиликтүү шайлоого баруудагы башкы максаты Бишкекти өнүктүрүп, элдин жашоо деңгээлин жакшыртуу экенин баса белгилгиледи. 


“Мен эч кимге алтын тоолорду убада кылбайм. Биздин программада чындыгында ишке аша турган долбоорлор камтылды. Аны жүзөгө ашырууга биздин күчүбүз жетет. Сиздер эгерде Бишкектин эртеңки келечегине кайдыгер карабай, жаратман “Эмгек” партиясына добушуңуздарды берсеңиздер, сиздердин үмүттү актайбыз деп ишенимдүү түрдө айта алам”, - деди ал.


Ал эми Руслан Шаршенбай уулу депутаттыкка талапкерлигин биринчи жолу көрсөтүп жаткандыгын айтып, борбор калаанын сырткы көрүнүшү аны тынчсыздандырарын билдирди. 

“Архитектор-дизайнер катары борбордун сырткы көрүнүшү мени өзгөчө тынчсыздандырат. Архитектура жана инфраструктура жагынан көп жерлер анын деңгээлине туура келбейт. Эгер борбордун чок ортосунан бир аз алыстасаңыз эле шаардан чыгып кеткендей элес калтырат. Мен чет өлкөдө билим алдым жана шаар куруу нормалары жөнүндө баарын билем, кесибим боюнча тажрыйбам мол. Бишкек үчүн билимимди колдонуп, туристтер үчүн жагымдуу кылгым келет. Биз шаардык кеңешке келсек, башаламан имараттарга каршы күрөшүп, сейил бактарды куруп, ландшафттык жасалгалоо жана жашылдандыруу иштерин колго алабыз. Ар бир райондо адамдар чогулуп, аралашып, достошкон чакан парктар болот. Ар бир райондун өзүнүн легендасы бар. Муну архитектурага которуп, шаарыбызга туристтерди тарта алабыз”, - деди Шаршенбай уулу.


"Эмгек" партиясынан Бишкек шаардык кеңешинин депутаттыгына талапкер болгон Бактыбек Абдиевдин “Көлмө” конушундагы жолугушуу адаттан тыш форматта өттү. Бактыбек Абдиевдин иштерине ыраазы болгон шайлоочулар өзүлөрү анын жетишкендиктери жөнүндө айтып беришти. Алардын айтымында, акыркы 4 жылдан бери көп жакшы иштер жасалды. Анын жардамы менен “Көлмөдөгү” чоң жолдордун көпчүлүгү асфальтталды. Төрт көчө борбордук канализацияга туташтырылган жана аймактын дээрлик көпчүлүк бөлүгү тышкы жарыктандыруу менен жабылган.


Бактыбек Абдиевдин айтымында, бул жаңы конуштун дагы 14 көчөсүн канализация тутумуна кошууга долбоорлор даяр. Мыскал көчөсү жана Республиканская көчөсүнүн бир бөлүгү (Мыскал көчөсүнөн БЧКга чейин) асфальтталат. Насостук станция куруунун долбоору бар. Эки кабаттуу шаардык полиция бөлүмүн куруу үчүн буга чейин чуңкур казылган.


“Биз партиянын программасында конуштарды өнүктүрүүгө өзгөчө көңүл бурулган. Муну менен катар жаңы жумуш орундарын түзүү, бюрократия менен күрөшүү, айлана-чөйрөнү жакшыртуу жана башка көптөгөн маселелер программада камтылган. Анда жазылган долбоорлорду ишке ашыра алсак, сиздердин жашооңуздарга оң таасирин тийгизет”, - деди Абдиев.


Үгүт иштеринин соңунда шаардын тургундары Абдиевдин үйүнүн эшиги ар дайым алар үчүн ачык экенин жана ага кандай гана маселе болбосун кайрыла ала тургандыгы билдиришти. Ошондой эле Абдиев конуштун тургундарынын суранычы менен бир катар жакшы долбоорлордун үстүнөн иштеп жатканын жана мындан улам аларды аягына чейин чыгарышына жол берүүлөрү керектигин айтып, талапкерге ак баталарын беришти.


***“Эмгек” саясий партиясынын финансылык маселелер боюнча ыйгарым укуктуу өкүлү Н.Омуралиева тарабынан каржыланды.

Пикирлер (1)

Коопсуздук коду
Мамытбай Маткабылов
Эли учун иштеген инсандарга ачык жол каалайбыз.