Бугу 14, 2024
Убакыт: 15:21
USD
88.40
89.30
EUR
95.00
96.00
RUB
0.955
0.980

Бишкектиктер "Демилгелүү шаар" программасын колдойт!

29.03.2021 13:23
1982
Бишкектиктер "Демилгелүү шаар" программасын колдойт!

“Эмгек” саясий партиясы бишкектиктер менен жолугушуусун улантууда. Депутаттыкка талапкер Төрөгелди Узакбаев Бишкек шаарындагы “Аламүдүн-1” кичирайонунун тургундары менен жолугушуп, элдин көйгөйлөрүн укту. 


Иш-чаранын жүрүшүндө кичирайондун тургундары адамдардын коопсуздугун камсыздоо, жашылдандыруу жана үйлөрдүн сырткы көрүнүштөрүн жакшыртуу маселесин көтөрүштү. Ошондой эле аталган аймактын жашоочулары талапкерден көп кабаттуу үйлөрдүн кире беришинин чатырын жана подъездин терезелерин оңдоп берүүсүн суранды.


Төрөгелди Узакбаев өз кезегинде алар көтөрүп жаткан маселени чечүү жолдору “Эмгек” партиясынын “Демилгелүү шаар” деген программасында толук камтылганын баса айтты. Ошондой эле талапкер партия куру убадалардан алыс болуп, алдына амбициялуу, бирок аткарыла турган милдеттерди койгонун белгиледи.


“Биз үчүн бишкектиктердин коопсуздугу биринчи орунда турушу керек. Мындан улам биздин партия жарандардын коопсуздугун камсыз кылуу үчүн эл көп чогулган аймактарга, көчөлөргө жана подъездин кире бериш жерлерине жалпы 5 миң видео байкоочу камера орнотолу деп жатабыз. Ал эми шаарыбызга сквер, парктарды куруу менен жашыл зоналардын аянттын көбөйтүп, адамдардын эс алуусуна бардык ыңгайлуу шарттарды түзүү биздин программанын приоритеттеринин бири. Эң негизгиси Бишкектин жашыл шаар деген макамын кайтаруу биздин башкы максат. Ошондой эле шаарыбыздын сырткы көрүнүшү боюнча бирдиктүү стандарт киргизип, имараттарга жана курулуштарга декоративдүү ландшафттык дизайнды иштеп чыгабыз”,- деди Узакбаев.

Анын сөзүнө караганда, “Эмгек” партиясынын эң башкы максаты Бишкекти аз убакыттын ичинде өнүктүрүп, элдин жашоо деңгээлин жакшыртуу болуп саналат.


“Биздин команда эл арасынан суурулуп чыккан, чын жүрөгүнөн өз мекенин сүйгөн кыргыздын мыкты уул-кыздарынан түзүлдү. Биз эгер шаардык кеңешке келе турган болсок, биз Бишкекти өнүктүрүү үчүн зарыл болгон долбоорлорду сөз менен эмес, иш жүзүндө ишке ашырабыз. Биздин ага потенциалыбыз да, кудуретибиз да жетет”,- деп кошумчалады ал. 


Талапкер аталган аймактын тургундарына кайрылып, шайлоодо куру убадаларга алданбай, туура тандоо жасоого чакырды.


“Урматуу бишкектиктер сиздер бир гана Бишкек шаардык кеңешинин депутаттарын шайлабайсыздар. Сиздер борбор калаабыздын төрт жылдык тагдырын аныктайсыздар”,- деп сөзүн жыйынтыктады Узакбаев.

Ал эми тургундар жаш жаратман “Эмгек” партиясынан көптү үмүттөнүшөрүн жана партияны колдошоорун айтышып, ийгилик каалашты.

Демилге, эмгек, натыйжа үчүн иштеген “Эмгек” партиясынын шайлоо бюллетенинде 22-номердебиз.


“Эмгек” саясий партиясынын финансылык маселелер боюнча ыйгарым укуктуу өкүлү Н.Омуралиева тарабынан каржыланды.

Пикирлер (0)

Коопсуздук коду

Пикир жок. Сиз биринчилерден болушуңуз мүмкүн