Бугу 01, 2024
Убакыт: 00:35
USD
88.80
89.70
EUR
94.80
95.80
RUB
0.940
0.965

Бишкектиктердин орточо айлык акысы 22 миң сомдон ашты

27.04.2021 11:30
4733
Бишкектиктердин орточо айлык акысы 22 миң сомдон ашты

2021-жылдын январь-февраль айларында Бишкек шаарында орточо айлык номиналдык жана реалдуу эмгек акы 22 764 сомду түздү. Бул тууралуу Улуттук статистикалык комитеттин маалыматында айтылды.


Мекеменин маалыматы боюнча, 2021-жылдын январь-февраль айларында бир кызматкерге эсептелген орточо айлык номиналдык эмгек акы (чакан ишканаларды эсепке албаганда) 17 940 сомду түзүп, 2020-жылдын январь-февраль айларына салыштырмалуу 4,5% га жогорулады жана керектөө бааларынын индексине эсептелген анын чыныгы көлөмү, 5,3% га төмөндөгөн.


Кыргыз Республикасынын Улуттук банкы тарабынан белгиленген расмий курстун негизинде, 2021-жылдын январь-февраль айларында бир кызматкерге орточо айлык эмгек акы 212,7 долларды түзгөн.

Пикирлер (10)

Коопсуздук коду
Айболт
Бул туура эле анткени чондордун алган айлыгын жалпы бишкектиктер деп атын озгортуп статистикага киргизип койгон турбайбы
Нукеш
Мен билгенден 4000 5000 мин алат таза окмотто иштегендер кайсы экенин айтпай эле коеюн 2 штатта иштеп айына эптеп 9000 мин алышат кацдагы 22 мин
Нукеш
Кайдагы 22 ки мин ал каякта бул сумманы качктан алды кайсы ишканадан бизде ушундай барбы болсо сонун болмок
Нурик
Кайсы ишканада экен, ошо ишканага ишке кирип иштейин, 20000 берсе деле макулмун, без обед иштеймго, жокта жок. 😅
Нуржан
Калп айтпагылачы/кичине кудайды карап суйлосонор боло/орточо айлык эн максимально 10.000 сомдон ашкан жок/мугалимдердики/ жонокой кызматкерлердики 7000/8000 сомдон кем эмес/качан токтотосунар/ушундай жалган маалыматтарды бергенди