Чын курандын 30, 2024
Убакыт: 09:06
USD
88.80
89.70
EUR
95.00
96.00
RUB
0.945
0.970

Бишкектин 2024-жылга консолидацияланган бюджети 32,5 млрд сомду түздү

31.03.2024 10:27
677
Бишкектин 2024-жылга консолидацияланган бюджети 32,5 млрд сомду түздү


Күн мурун Бишкек шаарынын мэри Айбек Жунушалиев калаанын 2024-жылга консолидацияланган бюджетин бекитти, деп билдирет муниципалитеттин басма сөз кызматы.

Шаардын консолидацияланган бюджети киреше жана чыгаша бөлүгү боюнча 32 млрд 590,5 млн сомду түзөт: анын ичинен административдик-аймактык реформага ылайык кошулган айыл аймактарынын бюджети 868,1 млн сом жана республикалык бюджеттен трансферттер 6973,0 млн сом., автобустарды сатып алууга жана Бишкек шаарынын жана ага кошулган айыл аймактарынын билим берүү мекемелеринин эмгек акы фондусунун чыгымдарын жабууга жумшалат.

Белгилей кетсек, президенттин 2023-жылдын 29-декабрындагы №370 Жарлыгынын негизинде, ошондой эле министрлер кабинетинин 2024-жылдын 7-февралындагы №370 токтомуна ылайык №52 административдик-аймактык реформанын жүрүшүндө пилоттук мезгил аяктаганга чейин бюджетти бекитүү ыйгарым укуктары шаар мэрлерине берилген.

Эске сала кетсек, 2024-жылдын 13-15-мартында Бишкек шаарынын мэриясында мэр Айбек Жунушалиевдин төрагалыгы алдында Бишкек шаарынын 2024-жылга бюджетинин долбоору боюнча коомдук талкуулар өткөн.

Үстүбүздөгү жылга карата борбордун бюджетин угууга Бишкек шаарынын мэринин орун басарлары, райондук администрациялардын башчылары, муниципалитеттин аймактык бөлүмдөрүнүн башчылары, ошондой эле Бишкек шаардык кеңешинин депутаттары жана кошулган айыл аймактарынын жарандары катышты.

Теги

Пикирлер (0)

Коопсуздук коду

Пикир жок. Сиз биринчилерден болушуңуз мүмкүн