Бугу 21, 2024
Убакыт: 23:24
USD
88.00
88.90
EUR
95.50
96.50
RUB
0.965
0.990

Бишкектин Чүй проспектисинде жайгашкан уруксатсыз курулуштар буздурулууда

10.08.2023 09:22
219
Бишкектин Чүй проспектисинде жайгашкан уруксатсыз курулуштар буздурулууда


Бишкек шаарынын Чүй проспектисиндеги 271, 273 дарегинде жайгашкан уруксатсыз алты кошумча курулуш буздурулууда.

Муниципалитеттин басма сөз кызматынан билдиришкендей, жеринде башкармалыктын кызматкерлери Ленин районунун акимиатынын жана «Тазалык» МИнин кызматкерлери менен биргеликте иш алып барышууда.

Иштин жүрүшүндө жалпы 145,5 чарчы метрди түзгөн «мыйзамсыз» курулуштарды буздуруу иштери жүрүп жатат.

Буга чейин, 2023-жылдын 15-майында башкармалык тарабынан муниципалдык аймакты уруксатсыз орнотуулардан, ошондой эле КР мыйзамдарынын колдонуудагы нормаларын бузуу менен курулган же курулуп жаткан имараттардан жана курулмалардан бошотуу жөнүндө эскертүү кагазы берилген.

Пикирлер (0)

Коопсуздук коду

Пикир жок. Сиз биринчилерден болушуңуз мүмкүн