Аяк оона 08, 2024
Убакыт: 05:32
USD
84.10
84.60
EUR
92.80
93.80
RUB
0.920
0.960

Бишкектин Горький көчөсүн оңдоо иштери 29-июлдан тарта башталат

26.07.2024 11:47
211
Бишкектин Горький көчөсүн оңдоо иштери 29-июлдан тарта башталат


Бишкектин Горький көчөсүн оңдоо иштери 29-июлдан тарта башталат.

Бишкек мэри Айбек Жунушалиевдин тапшырмасы менен Горкий көчөсүнүн жабылышы Ахунбаев көчөсүнүн ачылышы менен координацияланат.

Горький көчөсүн оңдоп-түзөө иштерине жабуу 29-июлда эртең мененки саат 6:00дө пландалууда. Биринчи этапта Горький көчөсү Ч.Айтматов проспектисинен Панфилов көчөсүнө чейинки бөлүгү жабылат.

Учурда жол куруучу техникаларды, лоток, бордюрларды алып келүү иштери жүрүп жатат. Аталган иштердин алкагында жолдун асфальт катмары, бордюрлар жаңыланып, майдаланган шагыл-мастикадан асфальт төшөлөт.

Белгилей кетсек, М.Горький көчөсүнө капиталдык оңдоо иштери Ч.Айматов проспектисинен 7-Апрель көчөсүнө чейин жүргүзүлөт.

Бишкек шаарынын мэриясы келтирилген ыңгайсыздыктар үчүн кечирим сурайт жана каттамыңызды алдын ала пландап алууңузду өтүнөт.

Эскерте кетсек, Бишкек мэриясы буга чейин М.Горький көчөсүндө жолду капиталдык оңдоо жумуштары 25-июлдан тарта башталарын билдирген.

Теги

Пикирлер (0)

Коопсуздук коду

Пикир жок. Сиз биринчилерден болушуңуз мүмкүн