Кулжа 20, 2024
Убакыт: 21:11
USD
86.70
87.60
EUR
92.90
93.90
RUB
0.950
1.045

Бишкектин Лев Толстой көчөсү оңдоо иштерине жабылат

31.05.2024 17:51
194
Бишкектин Лев Толстой көчөсү оңдоо иштерине жабылат


Бишкектин Лев Толстой көчөсү оңдоо иштерине жабылат.

Муниципалитеттен билдиришкендей, аталган көчөдө капиталдык оңдоо иштерин 10-июнга чейин баштоо пландалууда.

Жакынкы күндөрдө 17 980 чарчы метр аянтта эски асфальттын сыйруу жана демонтаж иштери башталат, андан кийин асфальтка чейинки жумуштары жана люктарды тегиздеп орнотуу иштери жүргүзүлөт. Акыркы этап асфальт-бетон аралашмасы төшөлөт.

Белгилей кетсек, капиталдык оңдоо иштеринин жүрүшүндө жолду жарым-жартылай жабуу пландалууда.

Бул көчөдө акыркы жолу 2019-жылы капиталдык оңдоо иштери жүргүзүлгөн. Кызмат мөөнөтү өтүп, жолдун үстү тегиз болбой калган. Жайында абанын температурасы 28°Сден жогору болгондо асфальт төшөлгөн жер жумшарып, автоунаалардын жана оор жүк ташуучу унаалардын көп агымынын натыйжасында асфальт төшөлгөн жерде толкундар пайда болот.

2023-жылы кеч күздө транспорт каражаттарынын кыймылынын коопсуздугун камсыз кылуу жана кыймылдын ылдамдыгын жогорулатуу максатында жолдун үстү (асфальт) узунунан жылып, толкундар пайда болгон жерлери тегизделген.

Теги

Пикирлер (0)

Коопсуздук коду

Пикир жок. Сиз биринчилерден болушуңуз мүмкүн