Тогуздун айы 22, 2024
Убакыт: 12:33
USD
85.35
85.85
EUR
92.00
93.00
RUB
0.878
0.910

Бишкектин Сүйүмбаев жана Гоголь көчөлөрү эки тараптуу болот

14.10.2024 15:33
103
Бишкектин Сүйүмбаев жана Гоголь көчөлөрү эки тараптуу болот


Бишкек шаарында жолдордогу тыгындарды жоюу жана алдын алуу максатында Сүйүмбаев жана Гоголь көчөлөрү эки тараптуу болот.


Муниципалитеттен билдиришкендей, эми Сүйүмбаев көчөсү Жибек Жолу проспектисинен Москва көчөсүнө чейин эки тараптуу болот. Жолду капиталдык оңдоодон кийин Москва көчөсүнөн Огонбаев көчөсүнө чейинки бөлүгү да унаалар үчүн ачык.


Курулуш жана оңдоо иштери аяктагандан соң Огонбаев көчөсү менен Жибек Жолу проспектисинин ортосундагы тилке да эки тараптуу кыймыл үчүн ачылат.


Жумабек жана Москва көчөлөрүнүн ортосундагы Гоголь көчөсү да эки тараптуу болот.


Белгилей кетсек, буга чейин Гоголь көчөсү Сүйүмбаев көчөсүнүн капиталдык оңдоо иштерине байланыштуу убактылуу эки тараптуу кылынган.

Теги

Пикирлер (0)

Коопсуздук коду

Пикир жок. Сиз биринчилерден болушуңуз мүмкүн