Чын курандын 14, 2025
Убакыт: 20:03:59
USD
87.40
87.80
EUR
99.00
100.00
RUB
1.030
1.065

Бишкектин Юнусалиев көчөсүнүн бир бөлүгү ачылды

06.09.2024 12:24
323
Бишкектин Юнусалиев көчөсүнүн бир бөлүгү ачылды


Бишкек шаарында бир нече көчөдө жолду капиталдык оңдоо боюнча жумуштар уланууда.

Муниципалитеттен билдиришкендей, бүгүн, 6-сентябрда Юнусалиев көчөсүнүн Сухэ-Батор көчөсүнөн Сүйөркулов көчөсүнө чейинки бөлүгү капиталдык оңдоодон кийин ачылды.

Ал эми аталган көчөнүн Сүйөркулов көчөсүнөн Горький көчөсүнө чейинки бөлүгүндө бордюр орнотуу, асфальттын биринчи катмарын төшөөгө даярдык жумуштары жүрүп жатат.

Белгилей кетсек, Юнусалиев көчөсүндө жолду капиталдык оңдоо жумуштарын 15-октябрда аяктоо мерчемделген.

Теги

Пикирлер (0)

Коопсуздук коду

Пикир жок. Сиз биринчилерден болушуңуз мүмкүн