Бугу 20, 2024
Убакыт: 14:38
USD
88.20
89.10
EUR
95.60
96.60
RUB
0.960
0.980

Эртеңден баштап Бишкекке коменданттык саат киргизилет

24.03.2020 11:54
843
Эртеңден баштап Бишкекке коменданттык саат киргизилет


Бишкек шаарынын аймагына өзгөчө абал киргизүү жөнүндө жарлыкка кол коюлду. Бул тууралуу Президенттин басма сөз кызматынан билдирди.


Жарлыкка ылайык, Бишкек шаарында 25-марттан 15-апрелге чейин өзгөчө абал киргизилет.


Өзгөчө абал киргизилген мезгилде Ички иштер министринин орун басары Алмазбек Орозалиев Бишкек шаарынын коменданты болуп дайындалат.


Жарлыкта төмөндөгүлөр белгиленет:


1) коменданттык саат киргизилсин;


2) жарандардын келип-кетүүсүнүн өзгөчө режими киргизилсин;


3) айрым жарандарга белгиленген мөөнөткө өз үйүн (батирин), же болбосо обсервацияда же дарыланууда болгон жерди таштап кетүүгө тыюу салынсын;


4) коомдук тартипти сактоого, стратегиялык объекттерди жана калктын жашоо-турмушун камсыз кылуучу объекттерди коргоого ички иштер жана коргоо маселелерин тескеген ыйгарым укуктуу мамлекеттик органдардын бөлүктөрү тартылсын;


5) оюн-зоок, спорттук жана башка массалык иш-чараларды, ошондой эле иш таштоолорду, чогулуштарды, митингдерди, көчө жүрүштөрүн, демонстрацияларды жана пикеттерди өткөрүүгө тыюу салынсын;


6) аймактын жашоочусу болбой туруп коомдук тартипти бузгандар, анын ичинде чет элдик жарандар да алар туруктуу жашаган жерге же өзгөчө абал жарыяланган жерден тышкары жерге өздөрүнүн каражаттарынын эсебинен чыгарып жиберилсин;


7) ишканалардын жана уюмдардын продукция өндүрүү жана жеткирүү боюнча ишин камсыз кылуу максатында алардын иш планына өзгөртүүлөр киргизилсин, ишканалардын, мекемелердин жана уюмдардын иштөөсүнүн өзгөчө режими белгиленсин, ошондой эле алардын чарбалык ишинин башка маселелери чечилсин;


8) жүйөлүү себептер боюнча бошотулган учурларды кошпогондо, жумушчулардын жана кызматчылардын өз каалоосу боюнча иштен бошонуусуна тыюу салынсын;


9) карантин киргизилсин жана милдеттүү болгон башка санитардык-эпидемиологиялык иш-чаралар өткөрүлсүн;


10) коронавирустук инфекциянын жайылышын болтурбоо үчүн мамлекеттик ишканалардын, мекемелердин жана уюмдардын ресурстары колдонулсун;


11) коронавирустук инфекциянын жайылышын болтурбоо үчүн эмгекке жарамдуу жарандар эмгекти жана саламаттыкты коргоонун талаптарын милдеттүү түрдө сактоо менен тартылсын;


12) эгерде өзгөчө абал жарыяланган аймакта түзүлгөн кырдаалды курчутуу үчүн колдонулушу мүмкүн болсо, анда жалпыга маалымдоо каражаттарын контролдоо киргизилсин;


13) байланышты пайдалануунун өзгөчө эрежелери киргизилсин;


14) дипломатиялык кызматтардын транспортун кошпогондо, транспорт каражаттарынын, анын ичинде чет элдик транспорт каражаттарынын кыймылы чектелсин жана аларды карап чыгуу жүргүзүлсүн;


15) жарандар массалык топтолгон жерлерде документтер текшерилсин;


16) жеке иш-чараларды (үйлөнүү тойлорун, туулган күндөрдү белгилөөнү жана башка иш-чараларды) өткөрүү жөнгө салынсын;


17) өзгөчө абал жарыяланган аймакта жашаган жарандар үчүн төмөнкүдөй кошумча милдеттер киргизилсин:


— өздүк коопсуздукту камсыз кылуу боюнча алдын ала чараларды көрүү;


— күнүмдүк иште коопсуздук чараларын сактоо, коронавирустук инфекциянын жайылышына алып келиши мүмкүн болгон бузууларга жол бербөө;


— жеке коргонуу каражаттарын колдонуу эрежелерин үйрөнүү;


— коронавирустук инфекциянын жайылышын алдын алууда мамлекеттик бийлик органдарына жана уюмдарга көмөк көрсөтүү;


— коронавирустук инфекциянын жайылышынын коркунучу жөнүндө тиешелүү мамлекеттик органдарга маалымат берүү.


Комендант Кыргыз Республикасынын Бишкек шаарынын аймагында коронавирустук инфекциянын жайылышын болтурбоо, жарандардын өмүрүн жана саламаттыгын сактоо, коопсуздугун камсыз кылуу боюнча толук чараларды көрсүн.


Кыргыз Республикасынын Саламаттык сактоо министрлиги, Кыргыз Республикасынын Ички иштер министрлиги, Кыргыз Республикасынын Улуттук коопсуздук мамлекеттик комитети, ошондой эле Кыргыз Республикасынын Куралдуу Күчтөрүнүн Генералдык штабы, ишке тартылган башка мамлекеттик органдар жана жергиликтүү өз алдынча башкаруу органдары жарандардын өмүрүн жана саламаттыгын сактоодо, коопсуздугун камсыз кылууда, ошондой эле Кыргыз Республикасынын башка аймактарына коронавирустук инфекциянын жайылышын болтурбоодо Комендантка бардык бар болгон каражаттары жана күчтөрү менен ар тараптан көмөк көрсөтсүн.


Кыргыз Республикасынын Жогорку сотуна өзгөчө абал мезгилинде Кыргыз Республикасынын Бишкек шаарынын аймагында жарандык, жазык, административдик иштердин, жоруктар жөнүндө иштердин, ошондой эле сотко чейинки өндүрүштүн материалдарынын аймактык сотко караштуулугун өзгөртүү укугу берилсин.


Кыргыз Республикасынын Башкы прокуратурасына:


1) ушул Жарлыкта белгиленген чараларды жана убактылуу чектөөлөрдү ишке ашырганда мыйзамдардын сакталышына көзөмөлдү камсыз кылсын;


2) өзгөчө абал мезгилинде Кыргыз Республикасынын Бишкек шаарынын аймагында мыйзамда белгиленген тергөөгө караштуулукту өзгөртүү укугу берилсин.


Түзүлгөн кырдаалды курчутууну болтурбоо максатында жалпыга маалымдоо каражаттары өзгөчө абал киргизилген мезгилде Комендант берген маалыматтарды гана тарата алат.



 

Теги

Пикирлер (1)

Коопсуздук коду
Дурус
Бишкектен башка аймакка кетсе болобу мисалы Баткенге өз үйүмө
Конок
Жок болобойт уйдо отур