Аяк оона 08, 2024
Убакыт: 05:37
USD
84.10
84.60
EUR
92.80
93.80
RUB
0.920
0.960

Бишкектин аймагында синтетикалык баңгизат сатууга шектелген жаран кармалды

06.06.2024 09:56
221
Бишкектин аймагында синтетикалык баңгизат сатууга шектелген жаран кармалды


Бишкек шаарынын аймагында синтетикалык баңгизат сатууга шектелген жаран кармалды. Бул тууралуу Ички иштер министрлигинен билдиришти.

ИИМдин Баңгизаттарды мыйзамсыз жүгүртүүгө каршы күрөшүү кызматынын кызматкерлери ыкчам-издөө иш-чараларын жүргүзүп, натыйжада Ысык-Ата районунун тургуну 2000-жылы туулган Б.А. кармалды. Ал Бишкек шаарынын аймагында синтетикалык баңгизаттарды таңгактоо жана көмүскө жерге катып сатууну көзөмөлдөп жүргөн. Башкача айтканда, "Райондун куратору" болгон.

"Райондун куратору" күн сайын Бишкек шаарынын борборунда баңгизаттарды көмүскө жерге катып сатууну көзөмөлдөп турган.

Кармалган шектүүнүн чөнтөгүнөн 20дан ашык чапталган баңгизат табылып алынды. Ошондой эле айдап жүргөн автоунаасын кароо учурунда 29 даана даяр чапталган баңгизат табылып алынды. Алынган баңгизаттын жалпы саны 49 даана болгон.

Химиялык экспертизага ылайык, алынган заттар альфа-ПВП психотроптук зат болуп саналат.

Баңгизаттарды мыйзамсыз жүгүртүүгө каршы күрөшүү кызматынын кызматкерлери тарабынан Бишкек шаарынын четинде психотроптук заттар катылган дагы бир жер табылды.

Баңгизаттарды мыйзамсыз жүгүртүүгө каршы күрөшүү кызматынын кызматкерлери жана Биринчи май РИИБдин тергөө кызматы атайын тергөө иштерин жүргүзүү учурунда Чүй облусунун аймагында чөң өлчөмдөгү баңгизат катылган жер аныктаган. Ал жерден ар бири 1 грамм болгон 30 даана желим чапталмасы табылып, "мефедрон" психотроптук зат экендиги такталды. Алынган заттар 1000ден ашык бир жолку дозаны түзмөк.


Теги

Пикирлер (0)

Коопсуздук коду

Пикир жок. Сиз биринчилерден болушуңуз мүмкүн