Бугу 04, 2024
Убакыт: 07:05
USD
88.70
89.60
EUR
94.80
95.80
RUB
0.945
0.975

Бишкектин айрым аймактарында 4-апрелде суу болбойт

02.04.2024 15:58
144
Бишкектин айрым аймактарында 4-апрелде суу болбойт


4-апрелде Бишкектин айрым райондорунда таза суу берүү убактылуу токтотулат. Бул тууралуу мэриянын маалымат кызматы билдирди.


Маалыматка ылайык, "Гагарин", "Юго-Западный" суу алгычтарында жана шаардык суу тармактарында оңдоо иштери жүргүзүлөт.


Натыйжада Лев Толстой, Бакаев, Алтымышев, Жунусалиев, Гагарин, Муромская, Циалковский, Фрунзе, Өмүр, Алыкулов, Ахунбаев, Көк-Жайык, Гагарин, Торугарт көчөлөрү, Жумушчу шаарчасы, Теңир-Тоо, Ак-Өргө, Ак-Ордо конуштарындагы (Ахунбаев көчөсүнүн түндүк жагы) турак жайларда, мектептерде, бала бакчаларда, ооруканаларда жана башка социалдык, өндүрүштүк объектилерде саат 9:00дөн 24:00гө чейин суу болбойт.


"Бишкек суу канал" мекеме-уюмдарды жана калкты ичүүчү сууну алдын ала камдап алууну суранат.

Теги

Пикирлер (0)

Коопсуздук коду

Пикир жок. Сиз биринчилерден болушуңуз мүмкүн