Бишкек шаарынын айрым бөлүктөрүндө оңдоп-түзөө иштерине байланыштуу ысык суу жана жаратылыш газын берүү токтотулат. Бул тууралуу Бишкек шаарынын мэриясынын басма сөз кызматынан билдиришти.
Маалыматка ылайык, 9-марттан 13-мартка чейин “Газпром Кыргызстан” ишканасы оңдоо-түзөө иштерин жүргүзөт. Ага байланыштуу "Бишкекжылуулуктармагы" ишканасы Фурманов жана Чыңгыз Айтматов көчөлөрүндө газ менен жылуулукту берүүнү убактылуу токтотот.
Пикирлер (0)
Пикир жок. Сиз биринчилерден болушуңуз мүмкүн