Бишкек шаарынын айрым райондорунда 20-августта таза суу токтотулат. Бул туурауу мэриянын басма сөз кызматы билдирди.
Маалыматка караганда, подрядчы компаниялардын куруу-оңдоо иштерине байланыштуу, 20-августта саат 09:00дөн 21:00гө чейин Сүйрөркулов – Тыныстанов – Ахунбаев – “Ала-Арча” суусу – Медеров – Радищев – Л.Толстой – Ж.Пудовкин – Элебесов – Медеров – Ж.Пудовкин – Ахунбаев – Элебесов – Байтик Баатыр көчөлөрү чектешкен жерде таза суу берүү токтотулат.
"Ыңгайсыздык жараткандыгыбыз үчүн кечирим сурайбыз жана шаар тургундарын, мекеме жана уюмдарды таза суу камдап алууларын өтүнөбүз" , - деп билдиришти мэриядан.
Пикирлер (0)
Пикир жок. Сиз биринчилерден болушуңуз мүмкүн