Теке 06, 2024
Убакыт: 01:41
USD
85.80
86.70
EUR
92.50
93.50
RUB
0.955
1.000

Бишкектин айрым жерлеринде 3 күн газ болбойт

27.06.2024 11:00
588
Бишкектин айрым жерлеринде 3 күн газ болбойт


Бишкектин айрым жерлеринде 3 күн газ болбойт. Бул тууралуу “Бишкекгаз” газ кызматы билдирет.

Маалыматка ылайык, орто жана төмөнкү басымдагы газ өткөргүчтөрүндө оңдоо иштерин жүргүзүүгө байланыштуу 1-3-июль күндөрү Бишкектин Куттубаев, Токомбаев, Айтиев, Жетикашкаев көчөлөрү менен чектелген аймагында газ берүү убактылуу токтотулат.

“Бишкекгаз” газ кызматы түзүлгөн ыңгайсыздыктар үчүн кечирим сурайт жана абоненттерди жаратылыш газы өчүрүлгөн мезгилде энергиянын алтернативдүү булактарын колдонууну сунуштайт.

Пикирлер (0)

Коопсуздук коду

Пикир жок. Сиз биринчилерден болушуңуз мүмкүн