Бишкектин айрым жерлеринде 4 күн газ болбойт.
«Бишкекгаз» газ кызматынан билдиришкендей, төмөн жана орто басымдагы газ өткөргүчүндө оңдоо иштерин жүргүзүүгө байланыштуу төмөнкү көчөлөр менен чектелген райондордо жаратылыш газы убактылуу өчүрүлөт:
- Алыбаев көч., Крылов көч., темир жол, Осмонов көч. – 1-2-октябрь күндөрү;
- Мурманск көч., Гагарин көч., Садырбаев көч., Ахунбаев көч. – 29-30-сентябрь күндөрү.
«Бишкекгаз» газ кызматы түзүлгөн ыңгайсыздыктар үчүн кечирим сурайт жана абоненттерге жаратылыш газы өчүрүлгөн мезгилде энергиянын алтернативдүү булактарын колдонууну сунуштайт.
Пикирлер (0)
Пикир жок. Сиз биринчилерден болушуңуз мүмкүн