Кулжа 18, 2024
Убакыт: 18:33
USD
86.90
87.80
EUR
93.40
94.40
RUB
0.955
1.000

Бишкектин айрым жерлеринде эки күн газ болбойт

14.06.2024 16:53
168
Бишкектин айрым жерлеринде эки күн газ болбойт


Бишкектин айрым жерлеринде эки күн газ болбойт. Бул тууралуу "Бишкекгаз" газ кызматы билдирет.

Маалыматка ылайык, 18-19-июнда Сүйөркулов, Юнусалиев, Каралаев, Шопен көчөлөрү менен чектешкен аймакта газ берүү убактылуу токтотулат.

Бул убакта орто жана төмөнкү басымдагы газ өткөргүчтөрүндө оңдоо иштери жүргүзүлөт.

"Бишкекгаз" газ кызматы түзүлгөн ыңгайсыздыктар үчүн кечирим сурайт жана абоненттерди жаратылыш газы өчүрүлгөн мезгилде энергиянын алтернативдүү булактарын колдонууну сунуштайт.

Пикирлер (0)

Коопсуздук коду

Пикир жок. Сиз биринчилерден болушуңуз мүмкүн