Теке 07, 2025
Убакыт: 08:04
USD
87.30
87.80
EUR
102.50
103.50
RUB
1.105
1.130

Бишкектин айрым жерлеринде үч күн газ өчүрүлөт

09.10.2024 16:48
350
Бишкектин айрым жерлеринде үч күн газ өчүрүлөт


Бишкек шаарында жер астындагы орто басымдагы газ өткөргүчүндө оңдоо иштерин жүргүзүүгө байланыштуу 9-11-октябрь күндөрү бир катар көчөлөр менен чектелген райондо жаратылыш газы убактылуу өчүрүлөт. Бул тууралуу “Бишкекгаз” газ кызматынан маалымдашты.

Ага ылайык, Абай, Горький, Панфилов, Кулатов, Каракульская, Медеров жана Ашхабад көчөлөрүндө көгүлтүр от болбойт.

“Бишкекгаз” газ кызматы түзүлгөн ыңгайсыздыктар үчүн кечирим сурайт жана абоненттерди жаратылыш газы өчүрүлгөн мезгилде энергиянын алтернативдүү булактарын колдонууну сунуштайт.

Ишканадан белгилешкендей, оңдоо жумуштары алдыдагы күз-кыш мезгилинде газ менен ишенимдүү жана коопсуз камсыздоо максатында жүргүзүлүүдө.

Теги

Пикирлер (0)

Коопсуздук коду

Пикир жок. Сиз биринчилерден болушуңуз мүмкүн