Оңдоо иштерине байланыштуу Бишкек шаарынын айрым участогунда жаратылыш газы өчүрүлөрүн «Гапром Кыргызстан» ишканасынан кабарлашты.
17-апрелден 19-апрелге чейин Бишкектин Садыгалиев — Волков дареги боюнча жайгашкан төмөнкү басымдагы газ өткөргүчкө кайрадан курулган газ өткөргүчтү кошуу боюнча оңдоо иштери жүргүзүлөт.
Буга байланыштуу Волков, Ден Сяопин, Патриса Лумумбы, Владимировская көчөлөрдүн кесилишкен аймагында жаратылыш газы өчүрүлөт.
Пикирлер (0)
Пикир жок. Сиз биринчилерден болушуңуз мүмкүн